далилде этишинин кыймыл атоочу. Аның көз көрүнөө качкандыгын далилдөө үчүн тигилердин бир тобун күбө кыл (Жантөшев).
ДАЛИЛДӨӨ КАРАЖАТТАРЫ – процесстик мыйзамдарда каралган, сотту кызыктырган фактыларды ырастоочу же четке кагуучу айкын маалыматтарды алуунун ык-жолдору. Алар төмөндөгүлөр: тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтүүлөрү, жазуу жүзүндөгү жана буюмзат далилдери, эксперттердин корутундулары. Д. к-нын тизмеси КР процесстик мыйзамарында жабык (толук) түрүндө тастыкталган.
ДАЛИЛДӨӨ МИЛДЕТИ (далилдөө түйшүгү)– кылмыш-жаза же жарандык иштердин өндүрүшүндө процесстин катышуучуларынын ортосунда иштин чечүүсү үчүн маанилүү болгон тигил же бул жагдайлардын болгонун негиздөө милдеттерин бөлүштүрүү. Жарандык процессте Д. м. – тараптар өздөрүнүн талаптарынын жана каяша-каршылыктарынын (м.: доогердин доо талаптарын далилдөө милдети) негизи катары таянышкан жагдайларды далилдөө милдети. Арбир иште далилдөөгө, жаткан фактылардын көлөмү тигил же бул укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдер менен аныкталат. Аркыл келишимдерге байланышкан доолордо бузууларды далилдөө милдети кредиторго, ал эми милдеттерди аткаруу фактыларын бышыктоо – карыздарга жүктөлөт. Кылмыш-жаза процессинде соттолуучунун күнөөсүн далилдөө милдети толугу менен айыптоочу тарапка тагылат.
Обязанность доказывания (бремя доказывания)
ДАЛИЛДӨӨ УКУГУ – кылмыш-жаза-процесстик укук ченемдери: а) иш боюнча далил катары кызмат кыларын; б) далилдей турган жагдайлар алкагы; в) далилдөө милдети кимге тагылган; г) далил жыйноо, текшерүү, баа берүү тартиби.
ДАЛИЛДӨӨ ЧЕГИ – процесстик укукта Д. ч. сакталгандыгын аныктоо талабы, демек, ал далилдер мыйзамда каралган каражаттар аркылуу алынгандыгын териштирүү. Мыйзамдуу бузуу жолу менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ болбойт.